
Дачное айылында ичүүчү суу 12-февралда 10:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт, деп маалымдады Бишкек шаардык мэриясы.
Суу берүү убактылуу токтотулганынын себеби, аталган айылдагы «Дачное» суу алуу жайында авариялык-ремонттук иштер болуп жатканы менен байланыштуу.
МП «Бишкекводоканал» мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана уюмдарды алдын ала даярданып, ичүүчү суу менен камсыз болууга чакырат.
