Грипп жана ОРВИ боюнча кырдаал. Ооругандардын көбүнчө балдар түзөт
Ушул жума ичинде өлкө боюнча бул оорулардан 12 400 учур катталды, бул өткөн жумага салыштырмалуу 11,1% аз.
Жалпы ооругандардын 73,8% 14 жашка чейинки балдар, ал эми алардын 12% ооруканага жаткырылууга муктаж.
Бишкек, Ош жана Токмокто оор жугуштуу респиратордук инфекциялар (ОЖРИ) жана гриппке окшош оорулар (ГПО) боюнча абалды мониторинг жүргүзүү уланууда.