
Белгиленген мезгилде музейдин атайын эсебине 21 миллион 566 миң 520 сом түшкөн.
Мындан тышкары, комплекс кызматкерлери көргөзмөлөрдү жана экспозицияларды түзүү, фонд менен иштөө, маданий-илимий иш-чараларды уюштуруу жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү менен активдүү алектеништи.
«Сулайман-Тоо» комплексинин ишин жакшыртуу максатында экспонаттарды санариптештирүү, материалдык-техникалык базаны бекемдөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.