Эскертүү! ӨКМ Бишкек жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда күчтүү шамал болорун эскертет
Күчтүү шамал шартында коопсуз жерлерде болуу сунушталат, ал эми өзгөчө кырдаал жаралганда "112" кызматына чалуу керек, ал 24 саат бою иштейт жана чалууларды акысыз кабыл алат.
Ошондой эле жарандарды дарактардын астында унаа токтотуудан качууга чакырышат.