
Жыйын 18-марттан 31-мартка чейин өтөт. Башкы команда, Роберт Просинечкинин жетекчилиги астында, 2027-жылдагы Азия Кубогуна активдүү даярдык көрө баштайт.
Ошол эле учурда Түркияда негизги команда менен бирге жаштар жыйындары да болот:
U-23 Эдмар Ласерда жетекчилигинде Японияда 10-сентябрдан 6-октябрга чейин өтө турган Азия оюндарына даярданып жатат;
U-20 Нурбек Жолдошевдин жетекчилигинде 29-августтан 6-сентябрга чейин пландалган U-20 Азия Кубогуна квалификациялык этапка даярданып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө бардык командалар бир нече достук матчтарын өткөрөт, алардын каршылаштары жана расписаниеси кийинчерээк жарыяланат.