Торага: Мен бүгүн парламенттеги кечээки сындан кийин жыйынтык болот деп ойлойм
Ал депутаттар тарабынан айтылган сындан кийин конструктивдүү өзгөрүүлөр болот деген үмүтүн билдирди. "Эң негизгиси — өлкөдө тынчтыкты, тартипти жана туруктуулукту сактоо. Бардык бийлик бутактары бири-бирин урматтап, биргелешип иштеши керек. Биздин жалпы максат — элдин бакубаттуулугу. Аткаруу бийлиги менен парламенттин ортосундагы өз ара сын жана пикирлердин айырмачылыгы — бул табигый процесс, бирок кырдаалды татаалдаштырбашыбыз керек", — деп белгиледи торага.