
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, эркек 2025-жылдын 20-апрелинде Алексеевка айылындагы Жаштар көчөсүндө жайгашкан 31-үйдөн чыгып кеткен жана ошол убактан бери анын кайда экени белгисиз. Бул факт боюнча териштирүү башталды.
Жайыл районунда дайынсыз жоголгон эркекти издеп жатышат.
Жоголгон эркектин бою болжол менен 170–172 см, арык дене түзүлүшү жана чачы жок. Анын эки бутунда да бармактары жок.
Жоголгондо ал узун жеңдүү ак көйнөк жана көк джинсы кийип жүргөн, бутунда болсо кара галошу бар эле.