ИЗО музейунда дизайнерлердин «Теория жана практика» көргөзмөсү өтөт
Кыргызстандын Дизайнерлер Союзу тарабынан берилген маалыматка ылайык, бул иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Билим министрлигинин колдоосу менен мүмкүн болду.
Көргөзмөдө Союздун мүчөлөрүнүн, ошондой эле жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттеринин графика, керамика жана декоративдик-колдонмо өнөр сыяктуу тармактардагы чыгармачылык эмгектери көрсөтүлөт.
Экспозиция 22-февралга чейин көрүүгө жеткиликтүү болот.