Бул токтомдун алкагында Академиянын уставы, ошондой эле фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр менен алектенген координациялык кеңештин жоболору жана Академия мүчөлөрүн шайлоо процессине байланыштуу жоболор бекитилди.
Мындан тышкары, документ академиянын укуктук статусун жөнгө салып, илимий экспертизанын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Токтомдо президент үчүн жыл сайынгы улуттук илим отчетун жана Кабмин үчүн илимий жетишкендиктер боюнча жылдык отчетту даярдоонун милдеттүүлүгү киргизилди.Ошондой эле, академия мүчөлөрүн шайлоо процедурасы такталды, квалификациялык талаптар жана жаш чектөөлөр белгиленди, ошондой эле академиялык жоопкерчилик механизмдери орнотулду. Документте академия кызматкерлеринин этика кодекси жана илимий жана административдик ишмердүүлүктөгү кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу боюнча чаралар да камтылган, деп айтылат маалыматта.
Токтомдун тексти тиркемелери менен бирге шилтеме аркылуу жеткиликтүү.