Статус: Чүй облусунда кайсы жашоо массивдери жакынкы убакта газдаштырылары белгилүү болду
Жогорку Кенештин агрардык комитетинин жыйынында «Газпром» ЖЧКсынын өкүлү Чүй облусунда газдаштыруу боюнча маалымат бөлүштү.
Депутат Эркайым Сейтказиева региондогу газдаштыруу иштеринин учурдагы абалы боюнча жаңыртууларды сурады.
Компаниянын өкүлүнүн айтымында, 2025-жылга чейин Новопокровка, Лебединовка жана Новопавловка сыяктуу айылдарда газдаштыруу аякталат.
«Новопокровкада 5 980 үйдө газды активдүү туташтыруу жүрүүдө. Жакын арада «Энесай», «Военно-Антоновка», «Биримдик», «Орок», «Селекция» жана «Сарбан» турак жай массивдерин газдаштыруу пландалууда», — деди ал.