Бакай-Ата районунда медресенин ишмердүүлүгү текшерилди
Текшерүүгө райондун мамлекеттик администрациясынын орун басары Э. Качиев жана район прокурорунун улук жардамчысы И. Алыкулов катышты. Текшерүү «Халима Иная» медресесинде, Ак-Дөбө айылында жана «Бакай-Ата» медресесинде, Бакай-Ата айылында өткөрүлдү.
Акимият тарабынан берилген маалыматка ылайык, текшерүү учурунда окуу процессинин уюштурулушу, окуу программаларынын белгиленген стандарттарга ылайыктыгы, санитардык шарттар, коопсуздук чараларынын сакталуусу жана документтердин мыйзам талаптарына ылайыктыгы бааланды. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча сунуштар берилди.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында зомбулуктун алдын алуу, эрте никелер, ар кандай оорулар, адам укуктарын коргоо, жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.