
Боксер 6 беттеш өткөрдү, алардын бардыгы эрте жеңиш менен аяктады
Нурбек Валижонов, таланттуу боксер, ABF (Азия Бокс Федерациясы) версиясы боюнча Азия чемпиондук белетин утуп алды.
Спортчу 90,8 кг (Cruiserweight) салмак категориясында чыгып, төртүнчү раундда техникалык нокаут менен атаандашынан жеңишке жетти. Ошентип, Нурбек жеңилбеген боксер болуп, 6 беттеш өткөрүп, алардын бардыгы эрте жеңиш менен аяктады.

Нурбек Валижонов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тахир Марасуловдун жетекчилиги астында машыгып, Бишкектеги Bolot Boxing спорт клубун көрсөтүп жатат.
Сүрөт www