Бишкекте Аrt диалогдук аянтча өтөт
Жыйынга китепканалар жана китеп тармагында иш алып барган маданий мекемелердин жетекчилери чогулат.
Диалогдун негизги максаты китепкана жана китеп системасынын учурдагы абалын талдоо, ошондой эле бар болгон көйгөйлөрдү жана өнүгүү перспективаларын аныктоо болот. Иш-чаранын катышуучулары ведомстволор аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тармакты илгерилетүү үчүн жаңы механизмдерди талкуулоону пландаштырууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө тармактагы реформалар, заманбап талаптарга ылайык китепкана ишин жакшыртуу, окуу маданиятын өнүктүрүү жана улуттук руханий баалуулуктарды популяризациялоо маселелери каралат.
Диалогдук аянтчанын жыйынтыгы менен секторду өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жана резолюция түзүлөт, бул мамлекеттик жана коомдук институттар ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө негиз түзөт.