Анын маалыматына ылайык, каражаттарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
- 48 миллион сом мебель сатып алууга жумшалат;
- 47 миллион сомдон ашык компьютер сатып алууга багытталат;
- 175 миллион сом чарбалык муктаждыктарга бөлүнгөн;
- жаңы окуу китептерине 815 миллион сом каралган.
Мындан тышкары, орун басар министр 2026-жылга республикалык бюджетте 1 миллиард 66 миллион сом бөлүү пландалганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында 1-, 2-, 5- жана 7-класстын окуучулары Кыргызстанда жаңы 12 жылдык программа боюнча билим ала башташат.