Министрликтин сүрөтү
Конкурс эки этапта өткөрүлүп, үч предметти камтыйт: «Кыргыз тили» (1-12-класстар үчүн), «География» жана «Тарых» (7-12-класстар үчүн).
Биринчи этапта, адистерден турган комиссия катышуучулардын резюмелерин, илимий жана методикалык иштерин, ошондой эле кесиптик тажрыйбасын баалады.
Экинчи этапта талапкерлер тапшырма боюнча түзүлгөн долбоорлорун офлайн жана онлайн форматта презентациялап коргоду.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча:
- «География» категориясында 10 арыз берилди, анын ичинен 10 автор тандалды;
- «Тарых» боюнча 16 арыз келип түштү, 8 автор тандалды;
- «Кыргыз тили» боюнча 24 арыз катталды, 5 автор тандалды.
Конкурстун жыйынтыктары «Кыргыз тили» үчүн кошумча адистерди тартуу керектигин көрсөттү.
2025/26 окуу жылында 12 жылдык система боюнча өтүү менен STEM дисциплиналары, математика жана англис тили боюнча жаңы окуу китептерин этап-этабы менен киргизүү пландалууда.