5200 номерине байланышкан ар бир адам анонимдүү, конфиденциалдуу жана акысыз жардам ала алат. Чакырууларга зомбулук, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча даярдыктан өткөн квалификациялуу психологдор жана консультанттар жооп беришет.
5200 ысык линиясы суткасына 24 саат, дем алышсыз иштейт жана Кыргызстан боюнча бардык мобилдик операторлор үчүн жеткиликтүү.Ысык линиянын негизги иш багыттары:
- зомбулук жана пайдалануучулук курмандыктарына психологиялык колдоо;
- курмандыктардын укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү кызматтар жана чаралар тууралуу маалымат берүү;
- коопсуз башпаанек, медициналык жана юридикалык жардам боюнча консультациялар;
- зомбулукка кабылган адамдардын жакындарына жана күбөлөрүнө колдоо көрсөтүү.