Гүлчө шаарында базардын айланасындагы мыйзамсыз соода жайларын жоюп жатат
Жокер соода менен күрөшүү жана тартипти орнотуу максатында, мэриянын кызматкерлери базардын айланасында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Рейддин натыйжасында уруксатсыз орнотулган контейнерлер жана киоскалар алынып салынды, алар дамбада мыйзамсыз соода жүргүзүү үчүн колдонулган.
Мэриянын өкүлдөрү бардык соодагерлерди белгиленген эрежелерге ылайык иш алып барууга, товарларын атайын бөлүнгөн жайларда гана сатууга, ошондой эле тартипти жана тазалыкты сактоого чакырышты.