Пиондорду өстүрүү КРда. Китай тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр
Heze Peony Development Service Center — Хэцзэ шаарында пион өнөр жайын өнүктүрүүгө адистешкен жетекчи мекеме, ал дүйнө жүзүндө пиондорду өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча лидер катары таанылган.
Центр агроөнөр жай комплекси инфраструктурасын жакшыртуу жана сектордун маанилүүлүгүн арттыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы гүл өндүрүшүнүн учурдагы абалын, пиондорду өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана климаттык шарттарга ылайыкташуу маселелерин карашты. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы «Бир пояс — бир жол» инициативасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүү темасы да талкууланды.