
Daily Mail гезитинин маалыматына ылайык, жети жолку дүйнө чемпиону Михаэль Шумахер азыркы учурда толук кыймылсыздык абалында эмес жана медициналык кызматкерлердин жардамы менен инвалиддер үчүн арналган арбадан жүрө алат.
Эскерте кетсек, 2013-жылы Шумахер карьерасын жыйынтыктаган учурда, ал Франциядагы Альп тоолорунда лыжа тебүү учурунда катуу череп-ми жаракат алган. Андан кийин узак убакыт бою ал төшөктө жатып, жасалма дем алдыруу аппаратына муктаж болгон.
Учурда 57 жаштагы гонщик Майоркадагы тоо кыркасынын үстүндөгү үйүндө жашайт. Шумахер «Формула-1» тарыхындагы эң улуу гонщиктердин бири болуп эсептелет, ал жеңиштер (91), подиумдар (155) жана поул-позициялар (68) боюнча экинчи орунда, Льюис Хэмилтондон гана артта турат.