650дөн ашык теке, 5 аюу жана 3 кар барыс Талас облусунда катталды
Аңчылык чарбасынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, жапайы жаныбарларды эсепке алуу алардын санынын аныкталышы жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо үчүн жүргүзүлгөн. Бул иш-чарага ушул тармактагы адистер, экологиячылар жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты.
Эсепке алуунун максаты экологиялык тең салмакты сактоо, жапайы жаныбарлардын санын стабилдештирүү жана региондун экосистемасынын коопсуздугун камсыздоо болду. Эсепке алуу учурунда 651 тоо теке, 5 аюу жана 3 кар барыс байкалган.