Температура рекорддору. Бишкекте 24-январда эң суук 1977-жылы болгон
1963-жылы 24-январда эң жылуу күн катталган, ошол кезде термометрлер +16,4 градус көрсөткөн.
«Погода и климат» дүйнө жүзүндөгү аба ырайынын шарттары тууралуу маалыматтарды сунуштап, ар бир күн үчүн температуралык рекорддорду эң төмөнкү жана эң жогорку көрсөткүчтөр катары каттап турат. Бишкекте аба ырайы боюнча маалыматтар 1936-жылдан 2024-жылга чейин чогултулуп, аномалиялар тууралуу маалыматтар 1898-жылдан баштап алынган.
Башкалаада январь айындагы орточо температура -2,7 градус.
Көзөмөл жүргүзүлгөн тарыхта эң суук январь 1969-жылы болгон, ошол учурда орточо температура -12 градус болгон.
Ошол эле учурда, 2022-жылдагы январь айындагы температура +1,7 градус менен эң жылуу болуп чыккан.
Акыркы болжолдорго ылайык, 24-январда Бишкекте жамгырсыз булуттуу аба ырайы күтүлүүдө. Күндуз температура +1 градуска чейин жогорулап, түнгө карай -9 градуска чейин төмөндөйт.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Температуралык рекорддор. Эң суук 18-январда Бишкекте 1943-жылы болгон
«Погода жана климат» ресурсуна ылайык, 1943-жылдын 18-январында Бишкекте рекорддук төмөн...