КР эл аралык өнөктөштөрдү күн энергиясын өнүктүрүү үчүн тартууда
Тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты, күн энергиясын өнүктүрүү маселелерине, анын ичинде өлкөнүн алыскы жана тоолуу аймактарында долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурушту.
«Мамлекеттик инвестициялык саясаттын приоритети кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү болуп саналат. Биз электр энергиясына чектелген жеткиликтүүлүккө ээ болгон аймактарда туруктуу жана технологиялык жактан өнүккөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү эл аралык өнөктөштөрдү тартууга аракет кылып жатабыз», — деди Равшанбек Сабиров.
Vantagion terra group limited компаниясы кайра жаралуучу энергия булактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык платформа болуп саналат. Ал күн жана шамал электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоодон инвестициялоого чейин толук циклдагы долбоорлорду ишке ашырат.
Жолугуушуунун жыйынтыгы боюнча эки тарап жашыл энергетика тармагында Кыргызстанда конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти.