Минтранс «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорунун ишинин жүрүшүн текшерди
19-январда Кыргызстандын транспорт жана байланыш министринин орун басары Алмаз Тургунбаев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорунун ишке ашырылышын текшерди. Визиттин алкагында ал «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» биргелешкен ишканасынын административдик имаратынын курулушунун абалын баалады.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары каралып, долбоордук чечимдерге ылайыктыгы жана мөөнөттөрдүн сакталуусу, ошондой эле курулуш нормалары текшерилди.
Коопсуздук маселелерине, инженердик системалардын абалына жана объекттин кийинки курулуш этаптарына даярдыгына өзгөчө көңүл бөлүндү.
Мындан тышкары, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулуш долбоорунун алкагында пайда болгон көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору талкууланган кезектеги жумалык жыйын өттү.