Кыргызстанда 20-январда кар жаашы мүмкүн.
Алдын ала болжол боюнча, кар Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарында күтүлүүдө. Республикадагы башка аймактарда жаан-чачын болбойт деп болжолдонууда.
Автомобиль жолдорунда тайгактык болушу мүмкүн, ошондой эле айрым жерлерде туман күтүлүүдө. Батыштан келген желдин ылдамдыгы 4–9 м/с болот.
Мамлекет боюнча температуралык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот:
- Чүй облусунда — −1 ден −6 градуска чейин;
- Суусамыр өрөөнүндө — −10…−15 градуска чейин;
- Талас облусунда — −1…−6 градуска чейин;
- Баткен облусунда — −3…+2 градуска чейин;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында — −1…+4 градуска чейин;
- Ысык-Көл облусунда — −2…+3 градуска чейин;
- Нарын облусунда — −5…−10 градуска чейин.