Ишкананын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө эки жаңы казан орнотулуп, насос системалары жаңыланды.
Бул жылуулук борборунун кубаттуулугу 1,6 мегаватт жана учурда 24 миң 400 квадрат метр аянтты жылуулуктан камсыз кылууда. Ал көмүр отунунда иштейт, анын запасы жетиштүү.
- Муниципалдык ишкана «Оштеплоэнерго» 110 жылуулук борборун башкарууда, алардын 90ы көмүр менен иштесе, калган бөлүгү электр энергиясын колдонууда.