Башкы бет » Коом » Индияны Кыргызстандагы Дүйнөлүк Делфий оюндарына катышууга чакырышты
Коом

Индияны Кыргызстандагы Дүйнөлүк Делфий оюндарына катышууга чакырышты

Дели шаарында Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимов менен Индиянын маданий жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн, анын ичинде Pythian Games негиздөөчүсү Бижендер Гоэл жана Global Trade & Technology Council of India президенти Гаурава Гуптанын ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия мамилелерин мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагында кызматташуу жана Индиянын өкүлдөрүнүн 24-27-мартта Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк Дельфий оюндарында катышуусун талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда логистика жана иш-чараларды уюштуруу маселелери, ошондой эле Индиянын маданий мурасын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү көтөрүлдү.

Келечекте Индиянын ишкерлер делегациясынын Кыргызстанга визити пландалууда, анын максаты өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана маалыматтык технологиялар, айыл чарба, фармацевтика, туризм жана жашыл энергетика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК