Ошто мыйзамсыз соода жайларынын ордуна жаңы эс алуу зонасы курулууда
«Касиет» соода жайынан Б. Осмонов көчөсүнө чейин, Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндө жаңы эс алуу зонасынын курулушу башталды.
Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, буга чейин аталган аймакта мыйзамсыз авто запчасткаларды сатуу жана башка соода жабдыктары жайгашкан. Учурда бул объектилердин бардыгы ийгиликтүү бузулуп, алардын ордуна ыңгайлуу жөө адамдар үчүн тротуарлар түзүлүүдө.