
10-январда өткөн XXIX съезде кинематографисттер союзунун жетекчилигинде маанилүү өзгөрүүлөр болду. Кыргызстандын эл артисти, белгилүү актер жана режиссер Бусурман Одуракаев жаңы төрага болуп шайланды.
Ал бул кызматта Таалайбек Кулмендеевдин ордун ээлеп жатат. Съезд учурунда союздун жаңы башкармалыгы да түзүлдү.