Ноокат районунда 115 миллион сомго заманбап мектеп курулду
Берилген маалыматтарга ылайык, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 115 миллион сом бөлүнгөн.
«Окуу жайы 550 окуучуга эсептелген. Имараттын ичинде заманбап класстар, атайын лабораториялар, китепкана, медициналык кабинет, компьютер классы жана тамактануучу жай каралган. Ошондой эле, толук жабдылган спорт залы бар. Мектептин жалпы аянты 1 956 квадрат метрди түзөт. Айылдын айланасында волейбол, баскетбол жана футбол үчүн аянтчалар уюштурулган», — деп билдирилет пресс-релизде.
Окшош материалдар:
