Бишкек кайрадан дүйнөдөгү эң булганган аба менен шаарлардын үчтүгүнө кирди

Учурда Бишкектеги AQI деңгээли 281ди түзүп, бул «саламаттыкка өтө зыяндуу» деп классификацияланат. Бул антирейтингде биринчи орунду Лахор (Пакистан) 398 AQI көрсөткүчү менен ээлеп турат, бул өмүр үчүн кооптуу деп эсептелет. Экинчи орунда Каир (Египет) 384 AQI менен турат.
Эксперттер мындай жогорку деңгээлдеги абанын булганышы жарандардын, айрыкча балдардын, карылар жана хроникалык оорулары бар адамдардын саламаттыгына олуттуу коркунуч туудураарын белгилешет.
Жарандарга мүмкүн болушунча көчөдө өткөргөн убакытты минималдаштыруу жана булганган абанын таасирин азайтуу үчүн коргоочу бет каптарды колдонуу сунушталат.
Окшош материалдар:
