Кара-Бургон айылындагы китепканага коомдук ишмер Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды
Маркумдун небереси Фархат Өскөнбаевдин айтымында, Ш.Турдумамбетова 12 жыл бою китепканачы болуп иштеген китепканага анын ысымын ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бул демилге айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынды. Бул боюнча анын балдары жана неберелери китепкананы керектүү жабдуулар менен камсыз кылышты, ал эми 5-январда ысымды ыйгаруу аземи өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айылдын тургундары, туугандары, балдары жана неберелери катышты.
Шаарбүбү Турдумамбетова 1934-жылы Ленин атындагы колхоздун (азыркы Чолок-Кайың айылдык аймагы Ала-Бука) Осоавиахим айылында төрөлгөн. Ал ошол эле айылдагы Ленин атындагы орто мектепти (азыркы Бердалы Календиров атындагы мектеп) аяктаган, ал эми 1966-1968-жылдары Токмок шаарындагы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигине караштуу маданий-просветительдик окуу жайында билим алган.
Эмгек жолун 1965-1972-жылдары Жеңил колхозунун айылдык кеңешинде катчы болуп иштөө менен баштаган (азыркы Кара-Бургон). 1972-1984-жылдары Кара-Бургон айылдык китепканасында башкы китепканачы болуп иштеген. Бул мезгилде ал айылдык кеңештин депутаты болуп да шайланган.
Шаарбүбү Турдумамбетова жолдошу Өскөнбай Ыкласов менен бирге беш баланы тарбиялап, аларга жакшы тарбия жана билим беришкен. Ал 2002-жылы 68 жашында дүйнөдөн өттү.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ак-Талда жергиликтүү аңчы ири карышкырды атып алды
Нарын облусунда, Кара-Бургон айылында, жергиликтүү аңчы чоң карышкырдын өлүмүнө себепкер болду, деп...
Без изображения
Нарын облусунда волейбол турнирынын алкагында унаа ойнолду
Кара-Бургон айылында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан, маанилүү волейбол турнири өттү,...