24-мартта Бишкекте туберкулёзга каршы дүйнөлүк күнгө арналган маалыматтык акция өтөт. Иш-чара «Бишкек Парк» соода борборунда 16:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат, деп билдирет Республикалык денсаулукту чыңдоо борбору.
Бардык каалагандар ден соолук текшерүүсүн акысыз өтүп, оорулардын алдын алуу боюнча маанилүү аспекттер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Иш-чаранын программасында:
- кан басымын өлчөө;
- заманбап смоколайзерди колдонуу менен өпкөлөрдү изилдөө;
- оорулардын алдын алуу боюнча адистердин консультациялары;
- саламат жашоо образы тууралуу маалымат;
- катышуучулар үчүн викторина;
- флешмоб.
Иш-чараны уюштуруучулар Республикалык денсаулукту чыңдоо борбору, Улуттук фтизиатрия борбору, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомдоштугу жана ДДУ, ТРЦ «Бишкек Парк» менен биргеликте.