
Дүйнөлүк аба сапаты рейтингине ылайык, 12-мартта Бишкек аба булганышы боюнча экинчи орунду ээлеп турат. Аба сапатынын индексинин (AQI) деңгээли 168ди түзөт.
Аба сапатынын индекси (AQI):
0–50 — жакшы аба
51–100 — орто
101–150 — сезимтал топтор үчүн зыяндуу
151–200 — ден соолукка зыяндуу
201–300 — өтө ден соолукка зыяндуу.
Шаар тургундарына мүмкүн болушунча көчөдө болуудан качууну сунушташат, бул өзгөчө балдар, кары адамдар жана дем алуу системасынын хроникалык оорулары менен жабыркагандар үчүн маанилүү.