
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында (7ден 17 жашка чейинки) мектеп окуучуларынын орозо кармоо чечимин кабыл алгандарынын саны өсүүдө. Бирок, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери бул практиканын потенциалдуу коркунучтары жөнүндө эскертүүдө, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына таянып:
Ден соолукка таасири:
Мектеп окуучулары физикалык жана психикалык өнүгүүнүн критикалык этабында, орозо кармоо алардын тамактануу жана уктоо режимин бузуп, жалпы ден соолукка терс таасир этет.
Окуу натыйжаларынын начарлашы:
Тамак жана уктоо жетишсиздиги балдардын концентрациясына жана көңүл буруусуна олуттуу таасир этет, бул өз кезегинде окуу жетишкендиктеринин төмөндөшүнө жана окуу натыйжаларынын начарлашына алып келиши мүмкүн.
Стресс деңгээлиндин жогорулашы:
Тамак жана уктоонун азайышы баланын стресске дуушар болушуна себеп болушу мүмкүн, бул тынчсыздануу жана эмоционалдык фонунун начарлашы менен көрүнүшү мүмкүн.
Иммундук коргоонун төмөндөшү:
Тамактануунун жетишсиздиги жана уктоонун тартыштыгы иммундук системаны алсыратат, балдарды инфекциялар жана ооруларга көбүрөөк кабылуучулукка алып келет.
Физикалык абалга коркунучтар:
Узак убакыт бою тамактан жана суудан баш тартуу баланын ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн, айрыкча эресектердин көзөмөлүндө болбогондо.