КРда балдар арасында аллергиялык ринит менен ооруу 2,5 эсе өскөн
Жогорку Кенештин агрардык комитетинин жыйынында Улуттук коомдук саламаттык институтунун директору Жаркынбек Касымбеков Кыргызстанда түтүндүн жарандардын ден соолугуна таасири боюнча изилдөө жүргүзүлгөн жок экенин билдирди.
Ошентсе да, ал эл аралык изилдөөлөр түтүндүн дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө себепкер фактор экенин тастыктаганын белгиледи.
«Биздин өлкөдө, айрыкча, балдар арасында аллергиялык риниттин учурлары 2,5 эсе көбөйгөн», - деп кошумчалады ал.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Смог маселеси. КРда аллергиялык ринит менен ооруу 2,5 эсе көбөйдү
Соңку жылдары Кыргызстанда аллергиялык риниттин учурларынын кескин өсүшү байкалууда — өсүш 2,5 эсе...