Минздрав: Нипах вирусу Кыргызстанга коркунуч туудурбайт, бирок чек арада көзөмөл күчөтүлдү
Жыйында депутаттар Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты. Бул «1-фаза» долбоору Борбордук Азияда пандемияларды алдын алуу жана азык-түлүк системаларын чыңдоого багытталган «Бирдиктүү ден соолук» программасынын бир бөлүгү.
№24 округдан депутат Гульнара Акимбаева 2019 жана 2025-жылдары медициналык калдыктарды башкаруу боюнча нормативдик актылар кабыл алынганын белгилеп, мурдагы реформалардан натыйжа болбогондуктан, жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө таң калганын билдирди.
Сыдыгалиев жооп берип, кырдаалды жакшыртуу үчүн персоналды окутуу керектигин айтты жана өлкөдө медициналык калдыктар менен иштөө үчүн атайын борборлор түзүлгөнүн маалымдады.
Акимбаева 2025-жылы иштелип чыккан эрежелердин дагы жаңыртууну талап кыларын айтып, гранттык каражаттарды пайдалануунун көзөмөл механизмдери тууралуу сурады.
Сыдыгалиевдин айтымында, ден соолук системасы үзгүлтүксүз өнүгүп жатат: жаңы оорулардын жана дары-дармектердин пайда болушу, дарылоо протоколдорунун жаңыртылышы. «Биз өзгөрүүлөргө жана мүмкүн болгон пандемияларга даяр болушубуз керек. Учурда Нипах вирусу биздин өлкө үчүн коркунуч туудурбайт, бирок санитардык көзөмөл пункттарында иштер күчөтүлгөн», — деди ал.
Акимбаева бул кырдаалда күчөтүлгөн көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле №15 округдан депутат Айсаракан Абдибаева Нипах вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги кандай чараларды көрүп жатканын сурады. Министрдин орун басары аэропорттордо жана көзөмөл пункттарында оорулардын симптомдорун аныктоо үчүн термографиялык камералар менен жүргүнчүлөрдү текшерүү жүргүзүлүп, медициналык персоналды окутуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.