Талантбек Ташибеков дин иштеринин улуттук агенттигинин төрагасы болуп дайындалды
Улуттук дин жана этностор аралык мамилелер агенттигин Талантбек Ташибеков жетектеп калды. Президенттин басма сөз кызматы дайындоо буйругун Садыр Жапаров кол койгонун билдирди. Ачык булактардан алынган маалыматка ылайык, Талантбек Ташибеков 2015-жылдан бери «Умра тур» ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеп келген.