Кокулов - Орунтаеву: Сиздин ордуңузда мен мындай күлбөйт элем
28-январда Жогорку Кенештин депутаттары Кыргызстан менен Саудиянын өнүктүрүү фонду ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун 2-фазасы боюнча кредит келишимин ратификациялоону экинчи окууда колдошту. Келишимге ылайык, 25 жылдык мөөнөт менен 1,5% үстөк менен $50 миллион финансылык каражат бөлүнөт. Бул каражат Бишкекте беш жаңы мектеп жана жети кошумча окуу корпусун курууга, ошондой эле Чүй облусунда эки мектеп курууга жумшалат. Курулуштун аякташы 2029-жылы болот деп