Кыргызстанда тигүү бизнесин колдоо үчүн дээрлик 1 миллиард сом бөлүндү
Кыргызстанда тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттер берүү программасы активдүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, каражаттар эки мамлекеттик банк аркылуу бөлүнүп берилүүдө, ал эми финансылоонун жалпы көлөмү дээрлик 1 миллиард сомго жетти. Кредиттерди алуу боюнча артыкчылык расмий катталган, салык төлөгөн жана мыйзамга ылайык иш алып барган компанияларга берилет. Ошентсе да, формалдуу сектордо иштеген же