Коррупция кылмыштары. 2025-жылы 1 миң 359 кылмыш иши козголгон
Ал ошондой эле, бул категориядагы 1 миң 710 иштин тергөөсү мурдагы жылдардагы иштерди камтып, аяктаганын маалымдады. Бул саннан 1 миң 330 иш сотко жөнөтүлүп, 380 иш токтотулган.
Өткөн жылы коррупцияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча 7 миң 816 учур аныкталып, 4 миң 949 прокурордук реакция актылары кабыл алынган.
Бул актыларды карап чыгуу натыйжасында 1 миң 304 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 2 миң 930 кызмат адамына административдик жоопкерчилик жүктөлүп, айыппулдар салынган. Жалпысынан мамлекетке 6 миллиард 460 миллион сомдук зыянды калыбына келтирүүгө жетишилди.
Генералдык прокурор ошондой эле, 2024-жылы 2025-2030-жылдар аралыгында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия кабыл алынып, Генералдык прокуратура коррупциялык укук бузууларды алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалганын белгиледи.
Анын айтымында, 2025-жылы коррупцияны алдын алуу үчүн системалык механизмдерди жана институттарды түзүү боюнча иштер башталды, жана бул аракеттердин алгачкы жыйынтыктары ушул жылы көрүнө баштайт.
Дагы окуңуз:
Экс-принц Эндрюдун 15 млн фунтка казакстандык олигарх Кулибаевге сатылган үйү пара берүү схемасы менен байланыштуу, - «Би-би-си» иликтөөсү
«Би-би-си» тарабынан жүргүзүлгөн тергөөдө, Эндрю Маунтбаттен-Виндзор казак олигархы тарабынан...
Без изображения
Семейдик зомбулук. 2025-жылы 656 кылмыш иши козголгон
Жогорку Кеңеште өткөн сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча...
Без изображения
Жумгаль районунда текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 106 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылды
2025-жылы Жумгаль районунун прокуратурасы коррупцияга каршы күрөшүүгө, мыйзамдардын сакталуусун...