Бул боюнча, КР Тышкы иштер министрлиги Иранда жүргөн жарандарга өзгөчө этият болууну, жеке коопсуздук чараларын сактоону, эл көп жыйналган жерлерден жана мүмкүн болгон кооптуу аймактардан качууну, ошондой эле жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштайт.
Жарандар дайыма өздөрүнүн жеке идентификациялык документтерин алып жүрүшү керек жана расмий жаңылыктарды кылдаттык менен көзөмөлдөшү керек.Мындан тышкары, министрлик Иранга баруудан убактылуу баш тартууну дагы бир жолу катуу сунуштайт.
Эгерде өзгөчө кырдаал жаралса же консулдук жардам алуу үчүн, жарандар КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин ысык линиясына жана Кыргызстандын коңшу өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуусун сунуштайт:
- КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти (түнү-түнү иштейт): +996 999 312 002, e-mail: [email protected];
- КРнын Азербайжандагы элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01;
- КРнын Армениядагы ардактуу консулу: +374 91 919191;
- КРнын Түркиядагы элчилиги: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;
- КРнын Түркмөнстандагы элчилиги: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59;
- КРнын Афганистандагы элчилиги: +93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp).