Адылбек Касымалиев Шымкентке ЕАЭС кеңешине жана санарип форумуна келди
Өкмөт башчынын учагы Шымкент шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда аны Казакстандын премьер-министринин орун басары, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка жогорку кызмат адамдары тосуп алышты.
Сапар учурунда аэропортто Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик желектери көтөрүлдү жана ардактуу караул ротасы түзүлдү.
Адылбек Касымалиев сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана Digital Qazaqstan — 2026 эл аралык санарип форумуна катышууда.
Дагы окуңуз:
Адылбек Касымалиев Казакстанга жумушчу сапар менен жөнөйт
Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана Digital Qazaqstan – 2026 форумуна катышат...
Без изображения
Улуттар аралык илимпоздор жана саясатчылар тобу Жапаровдон эрте президенттик шайлоону өткөрүүнү өтүндү
Ошондой эле демилгечилер Жогорку Кеңештин спикерине кайрылышты 75 адамдан турган топ, анын ичинде...