
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык коопсуздук боюнча заманбап чакырыктар тууралуу пикир алмашышып, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карашты.
Расмий билдирүүдө белгиленгендей, Орозбеков жана Вакунов мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыктын жогорку деңгээли Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенишет. Бул өз ара аракеттенүү элдердин жана мамлекеттердин тынч өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүп, актуалдуу чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүгө көмөктөшөт.