Черногориянын Тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет
Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович 2026-жылдын 23-24-мартында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Сапар учурунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр пландалган, ошондой эле өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен жолугушуулар болот.
Эки мамлекеттин дипломатиялык ведомстволорунун башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Мындан тышкары, эл аралык жана регионалдык саясат боюнча пикир алмашуу, ошондой эле эл аралык уюмдар чегинде өз ара аракеттенүүнү талкуулоо пландалууда.
Дагы окуңуз:
Черногориянын Тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Эрвин Ибрагимович...
Чарногориянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Эрвин Ибрагимович, Черногориянын тышкы иштер министри, расмий сапар менен Кыргызстанга барууну...
Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет
2026-жылдын 12-13-февралында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигин жетектеген Ермек...
Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Ермек Кошербаев, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри, 12 жана 13-февралда Кыргызстанга...