Кабыл алынган демилгелердин арасында Счеттук палатасы боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү, аудитторлордун санын тогуздан үчкө кыскартуу сунушталууда.
Мындан тышкары, экинчи окууда кредиттик маалымат алмашуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты. Жаңы долбоорго ылайык, кредиттик бюро төмөнкү маалыматтарды сакташы керек:
- жакшы кредиттик маалыматты беш жыл бою;
- жаман кредиттик маалыматты эки жыл бою;
- 30 миң сомго чейинки кредиттер боюнча жаман маалыматты бир жыл бою.