
Жогорку Кенештен билдиришкендей, Усен уулу 2015-2019-жылдары «НТС» телеканалынын башкы директору болуп иштеген, ал эми 2019-2020-жылдары Кыргызстандагы коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.
Жайнак Усен уулу Жогорку Кенештин төрагасынын санариптештирүү боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Ошондой эле ал «Телевидение жана радиоберүү жөнүндө» мыйзамдын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. Мындан тышкары, Жайнак Усен уулу санарип телевидениеге өтүү жана даярдоо тармагында иштеген. 2015-2019-жылдары «Цифрдык технологиялар» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.