
Ошондой эле мыйзам долбоору, Европалык Союзда мыйзамсыз болуп эсептелген чет элдик жарандардын жазаларын күчөтүү боюнча чараларды камтыйт, ал тургай эркинен ажыратуу менен. Инициативаны консерваторлор жана оңчул саясий күчтөрдүн өкүлдөрү колдошту. Бул маселе боюнча Европарламентте добуш берүү 12-мартта өтөт деп күтүлүүдө.
Европарламенттин имараты Страсбургда. Сүрөт: Ardan Fuessmann/Eibner-Pressefoto/picture alliance.
Европалык Союздун башпаанек боюнча агенттиги (EUAA) марттын башында жарыялаган маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Европалык Союз өлкөлөрүндө башпаанек алуу үчүн берилген арыздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 19% га азайып, 822 миңди түздү. Еврокомиссия арыздардын санынын азайышын жаңы катуу миграциялык чаралар менен байланыштырат. Ошол эле учурда, өлкөдөн чыгып кетүү боюнча буйрук алган мигранттардын болгону 20% чамасындагысы чындап эле өз мекенине кайтып келет. 2024-жылы Улуу Британия мыйзам кабыл алып, мыйзамсыз мигранттарды Руандага депортациялоого уруксат берди, ал эми Италия Албания менен мигранттар үчүн эки борбор түзүү боюнча келишимди ратификациялады. Бул кадамдар, мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө чыгарууда адам укуктарын бузуу тобокелдигин көрсөтүп, медиа жана укук коргоочулары тарабынан сынга алынды.