
Сырткы иштер министрлигинин маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, кыргыз тарап ШОСтогу өлкөнүн төрагалыгын чагылдырган расмий ресурсту сунуштады.
Сайттын максаты — Шанхай кызматташтык уюмуна байланыштуу иш-чаралар, негизги окуялар жана демилгелер тууралуу мүчө мамлекеттерге жана кеңири коомчулукка убагында маалымат берүү.
Бул сайт Төрагалык ишмердүүлүгү тууралуу оперативдүү жаңыртууларды сунуштап, актуалдуу материалдарды жана келе жаткан жыйындардын анонстарын жайгаштырат.