Депутат: «Дашман» мамлекеттик коругунда мыйзамсыз түрдө банялар жана эс алуу үйлөрү курулган
Ал жакынкы айылдардын тургундары жыл сайын бийликке аталган аймактын статусун өзгөртүүнү өтүнүп кайрыларын белгиледи.
«Жергиликтүү тургундар айыл чарба менен алектенбейт, алардын жашоосу орман ресурстарына көз каранды. Учурдагы мыйзамдар боюнча корук аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок, жеке адамдар ал жерде банялар жана көңүл ачуу объектилерин куруп алышкан. Жер участкалары жеке менчикке өткөрүлгөн учурлар болгон. Бул мыйзам бузууга эч кандай реакция жок. Тыюуларга карабастан, кээ бир жарандар балык уулоого, жыгач даярдоого жана жемиш терүүгө алектенишет. Адамдар корук статусун табигый паркка өзгөртүүнү өтүнүшүүдө», — деп кошумчалады ал.
Жыйында корук статусун улуттук паркка өзгөртүү боюнча комиссия түзүү тууралуу маалымат да айтылды.
Депутат корукка жакын жашаган жергиликтүү тургундардын маселелерин чечүүдө жооптуу органдардын активдүүлүгүн сынга алды.