
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ближний Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
Заявлениедө министрлик эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, конфликтти тынчтык жолу менен чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерине жана эл аралык нормаларга ылайык иш алып барууну сунуштады.
Кыргызстан ошондой эле бардык катышуучуларды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө, аскердик аракеттерди дароо токтотууга жана пайда болгон кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган конструктивдүү диалогду калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоого чакырды.